Президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына сапар тартты

Бүгүн, 2012-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясынын алкагындагы иш чараларга жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын бейформал жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Москва шаарына сапар тартты.

“Өткөрүлө турган саммиттердин күн тартибинде бүгүнкү күндө активдүү ишке ашырылып жаткан бардык багыттар боюнча тараптардын позицияларын шайкеш келтирүү. Шериктеш өлкөлөргө быйыл 20 жыл болот, ошондуктан тараптар мына ушул мезгилдин аралыгындагы айрым жыйынтыктарды чыгармакчы. Ошондой эле Уюмдун ишмердигин чыңдоо максатында перспективалуу багыттар талкууланат. КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал саммитинде 2013-жылды КМШда экологиялык маданияттын жана айлана чөйрөнү коргоо Жылы деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынышы күтүлүүдө”,- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков.

ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин сесиясына катышуусу Кыргыз Республикасынын жалпысынан Евразия мейкиндигинде Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жыл аралыгында мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен ЖККУ алкагындагы интеграциялык процесстерге ыктагандыгын  ырастап турат.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Саммитинде КМШ алкагында мындан ары өз ара аракеттенүү маселелери жана коопсуздук жаатындагы эл аралык проблемалардын актуалдуу темалары талкууланат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү