Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

2012-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.

Жолугушуу Москва шаарында өтүп жаткан КМШ мүчө-мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын бейформал саммитинин  тушунда өткөрүлдү.

Жолугушуу учурунда үстүбүздөгү жылдын март айында Президент Алмазбек Атамбаевдин Азербайжанга жасаган расмий сапарында  жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы тууралуу маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу мамилелер динамикалуу өнүгө баштагандыгын белгиледи.  Ошону менен бирге Алмазбек Атамбаев нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу жана сырье ташып жеткирүү маселелерин караган жумушчу тобунун курамына Казакстандын өкүлү дагы киргизилээрин маалымдады.

Өз кезегинде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Алмазбек Атамбаевдин Бакуга жасаган сапарынан кийин Кыргызстан менен Азербайжандын келечектүү байланыштары кыйла чыңдалгандыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү