Президент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал жыйынына катышты

2012-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өткөрүлгөн ЖККУ  Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясынан кийин КМШ  мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал жыйынына катышты.

Мамлекет башчылары Шериктештиктин ишмердигинин жана аны өнүктүүнүн түйүндүү багыттары, КМШ алкагында  ар тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты.

Россиянын Президенти Владимир Путин иш чараны ачып жатып, КМШ  өлкөлөрүн достуктун жана жакшы коңшулаштыктын бекем байланыштары байланыштырып тургандыгын белгиледи. “Бүгүнкү жолугушуу  биздин мындан аркы  кызматташуубузду  чындоону карай жасалган дагы бир  маанилүү кадам”,- деп баса белгиледи Россиянын Президенти.

Жыйында КМШ мейкиндигинде экономикалык интеграция процесстерин тереңдетүү маселелерине кыйла басым жасалды.  

Саммиттин жыйынтыгы боюнча КМШда 2013-жылды Экологиялык маданияттын жана айлана чөйрөнү коргоонун Жылы деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынды.  

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү