Президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын Европа региону жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Филипп Ле Уэр жетектеген Дүйнөлүк банктын делегациясын кабыл алды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасынын маанилүү тармактарын өнүктүрүү процесстерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирди.

“Дүйнөлүк банк ар дайым Кыргызстанга колдоо көрсөткөн жана азыр дагы колдоо көрсөтүп келе жатат. Мындан ары дагы  кызматташуубуз буга чейинкидей эле жемиштүү болооруна ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен бирге кызматташуу жылдары Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда көптөгөн багыттар боюнча өз ара пайдалуу өнөктөштүктү ар тараптан терендетүүгө бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнө токтолуп, өлкөдө коррупцияга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын  баса белгиледи.

Өз кезегинде Филипп Ле Уэр республикадагы  жакшы өзгөрүүлөр байкалып жаткандыгына белгилеп, Дүйнөлүк банк мындан ары дагы колдоо көрсөтөөрүнө ишендирип өттү.

“Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү негизги багыттардан экендигин биз көрүп турабыз. Мына ушул  багыттагы аракеттериңерди  мындан ары дагы колдоого алабыз”,- деп ишендирди Дүйнөлүк банктын вице-президенти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү