Президент Алмазбек Атамбаевдин Москва шаарына иш сапарынын жыйынтыктары

2012-жылдын 15-16 майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапар менен каттап келди.

Мамлекет башчысы Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сесиясына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал жыйынына катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапарынын жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү. Кыргызстандын Президенти Владимир Путинди Россиянын Президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, расмий визит менен Кыргызстанга ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды. Чакыруу кабыл алынды. Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн маселелерин талкуулашты.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушуу учурунда тараптар  апрель айында Бишкекте өткөрүлгөн кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык I жыйындын натыйжалуулугун белгилешти.
Кыргызстанда Азербайжан мамлекеттик компаниясынын (СОКАР) катышуусу жана долбоорду ишке ашырууга Казакстан тарапты тартуу менен нефтини кайра иштетүүчү заводду куруу маселесин активдүү иликтөө боюнча ишти улантуу тууралуу макулдашышты.

2012-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Россияга тышкы карыздарын жөнгө салуу, Кыргызстанга ГСМ ташып жеткирүү, ошондой эле республикабызда ГЭСтерди куруу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.
Бир айдын аралыгында “Дастан” ТУКнын акциясынын 48% жана соода өкүлчүлүгүнүн имаратын өткөрүп берүү менен Кыргызстандын Россияга карыздарын жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иш чараларды өткөрүү чечими кабыл алынды.
Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын куруу маселеси боюнча тараптар долбоорду ишке ашыруунун шарттарын макулдашуу үчүн эки жуманын аралыгында тармактык министрликтердин деңгээлинде консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишишти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар нефти жана нефтизаттарын ташып жеткирүү тармагында Макулдашууга кол коюуга даярдыктын жогорку деңгээлин белгилешти. Макулдашууга тез аранын ичинде кол коюунун жана айрым деталдарды макулдашуунун мааниси белгиленди.
Өлкөлөр ортосунда маданий диалогду күчөтүүнүн жана Маданият күндөрүн өткөрүүнүн мааниси зор экендиги белгиленди.

Дмитрий Медведев Бишкек шаарында Ленинграддагы блокаданын катышуучуларына арналган эстелик комплексинин ачылышына байланыштуу Алмазбек Атамбаевге ыраазычылыгын билдирди. Мына ушуга байланыштуу тараптар Бишкек менен Санкт-Петербургдун ортосунда боордоштук байланыштарын орнотуу жана региондор аралык кызматташууну күчөтүү тууралуу Макулдашууга тез аранын ичинде кол коюунун маанисин баса белгилешти

Ошону менен бирге, Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Д.Ф. Устинов атындагы«ВОЕНМЕХ»Балтика мамлекеттик техникалык университетинин Бишкектеги филиалын чыңдоо тууралуу маселени иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү