Президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын жеке сектордогу операциялар  жана биргелешип финансылоо боюнча вице-президенти Лакшми Венкатачалам жетектеген Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) делегациясын кабыл алды.
Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары боюнча колдоо көрсөткөндүгү үчүн Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.

Ошону менен катар, мамлекет башчысы каргашалуу июнь окуясынын кесепетинен улам жапа чеккен республикабыздын түштүк регионун калыбына келтирүүдө АӨБ тарабынан көп жардам берилгенин белгиледи.

Президент Кыргызстан 2008-жылдан бери АӨБ тарабынан каржыланып келе жаткан инвестициялык жагдайды жакшыртуу Программасынын алкагындагы кардиналдуу реформаларды ишке ашырууга чечкиндүү экендигин ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы өнөктөштүктүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

“Биздин алдыдагы жолубуз кыйла татаал. Ошондуктан Азия өнүктүрүү банкы буга чейинки салтынан тайбай, Кыргызстанга колдоо көрсөтөөрүнө ишенебиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү