Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте Кыргызстандын Салык кызматкеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 1-июлда, Т.Сатылганов атындагы кыргыз  улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Салык кызматкеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын иши жөнүндө маалматтар менен таанышты, ага салык кызматын модернизациялоо жөнүндө маалымат берилди, анын ичинде салыктык башкарууну санариптештирүү тууралуу да.

Президент Садыр Жапаровго реалдуу убакыт режиминде салыктык процедураларды фискалдаштыруу боюнча автоматташтырылган тутумдун ишин көрсөтүштү.

Андан соң, Президент салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:
— «Atalyk Group» («Аталык Групп») жабык акционердик коому;

— «БИОВИТ» жоопкерчилиги чектелген коому;

— «ТЕКСТИЛЬ ТРАНС» (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыяланды.

2022-жыл 1-июль