Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Оман Султаны Хейсам бен Тарик Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Оман Султаны Хейсам бен Тарик Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жиберүү биз үчүн чоң кубаныч. Сизге бакыт-таалай жана эсенчилик, ал эми достук мамиледеги элиңизге мындан ары дагы өсүп-өнүгүүнү каалайм. Мындай жагымдуу учурлардын келиши менен Жараткан Алла Тааладан мусулман жамаатына жакшылыктарды беришин тилейбиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 23-май