Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Ыйык Орозо айт биздин элдердин ак дилден чыккан иш-аракеттерин көрсөтүү менен, жүрөктөргө ыйман менен боорукердик уялатсын. Бардык мусулмандар урматтап күткөн Орозо айт майрамы ислам жамаатына бакубатчылык, жакшылык жана берекени арбын алып келсин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ал эми Кыргызстан элине биримдик жана өсүп-өнүгүү каалады.

2020-жыл 23-май