Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Береке менен жаратмандыктын белгиси болуп саналган Нооруз майрамы өзгөчө мааниге ээ. Жалпы түрк ааламына орток саналган бул майрам биздин бир туугандыгыбызды мындан дагы бекемдеп, көптөгөн кубанычтар менен ийгиликтерди алып келсин! Бекем достук менен ак ниет коңшулукка негизделген Кыргызстан менен Казакстандын стратегиялык өнөктөштүгү эки элдин жыргалчылыгы үчүн жигердүү өнүгөөрүнө ишенем», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттин жаркын келечегине багытталган бардык кадамдары менен демилгелерине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

2020-жыл 21-март