Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Японияга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, иш сапары менен  Токио шаарына (Япония) келди.  Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.

2019-жыл 21-октябрь Токио