Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефону аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

2019-жыл 5-октябрь