Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирандын Президенти Хасан Рухани Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Сизди, Улуу урматтуу, Күн календары хиджры боюнча жаңы 1398-жылдын башталышы, байыркы Нооруз майрамы менен куттуктайм.

Нооруздун жазгы мукам ырлары жана эрте жарылган бүчүрлөр, жаратылышка жан кириши, жазгы чабалекейлердин созолонушу – мунун баары түбөлүктүү Жараткандын күчү, эскини силкип, кышкы ызгаарларды артка калтырып, жаркыраган кереметтин жана сүйүүнүн кайра жаралышы.

Жерге жан кирип, жаратылыш кайрадан жанданышы менен, адамдардын көз караштары жана ойлору турмуш өңдүү жанданып, жазгы күндүн жылуулугу менен кубат алган адамдар бири бирине кайрымдуу жана боорукер болуп, жылды ынтымакка, тынчтыкка жана сүйүүгө бөлөй баштайт деп ишенем. Ал эми биз, мамлекеттик ишмерлер дагы, жаздын жакшы өзгөрүүлөрүнө шыктанып, өз элдерибизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү тартуулаганга, тынчтыкты жана элдер ортосунда бузулгус биримдикти камсыз кылууга көбүрөөк өбөлгө түзө алабыз.

Жараткандан Сизге, Улуу Урматтуум жана Кыргыз Республикасынын элине үмүткө, кубанычка жана бакубатчылыкка мелт-калт толгон жаңы жыл берсин деп тилек кылам”, - деп белгиленет Ирандын Президенти Хасан Руханинин куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 21-март