Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Кытай Өкмөтүнүн, элинин жана жеке өзүмдүн атыман Сизди жана жалпы Кыргызстан элин салттуу Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өткөн жылдын июнь айында Сиз Кытайга алгачкы мамлекеттик визит жасадыңыз. Анын жүрүшүндө биз жыйынтыктуу жолугушууларды өткөрүп, кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн орнотуу тууралуу бир пикирден чечим кабыл алдык. Бул эки өлкөнүн ортосунда достук кызматташуунун жаңы барагын ачты. Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берүү менен, мен сиз менен бирге, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кытай-кыргыз мамилелерин жаңы бийиктикке алып чыгууга даярмын

Сизге чың ден-соолук жана ишиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине – бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”, -деп белгиленет Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 21-март