Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Жалпы адамзаттын көөнөрбөс маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү катары таанылган Нооруз майрамы табияттын кайра жаралышынын, жашоонун салтанатынын жана жаздын сулуулугунун символу болуп саналат. Өз ара урматтоонун, бейпилчиликтин жана чын ыкластуу кошуналыктын салттарын камтыган бул жаркын майрамдын элдер ортосундагы биримдикти жана достукту чыңдоодо өзгөчө мааниси бар.

Бул эң сонун майрам Сиз үчүн жана Сиздин өлкөңүздүн бизге дос бардык элдери үчүн кубаныч, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин», - деп белгиленет Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

 

 

 

2019-жыл 21-март