Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Сизди жана Сиздин өлкөңүздүн дос элин эң сонун Нооруз майрамы – жазгы күн менен түндүн теңелишинин жана Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жыл майрамы менен куттуктайм.

Нооруздун эң сонун жаратмандык артыкчылыктары өзүнүн улуттук-маданий чектеринен алыс кеңири жайылып, планетанын ар кайсы булуң-бурчтарынынын жашоочулары үчүн жакын жана түшүнүктүү болуп калды. Биздин элдердин салтка айланган байыркы майрамы дүйнөлүк коомчулуктун көптөгөн элдеринде кеңири жана өзгөчө жылуу маанайда белгиленет.

Нооруздун бийик руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын – достукту, өз ара урматтоого жана ишенимге, толеранттуулукка, ак ниеттүүлүккө жана өз ара түшүнүшүүгө таянып, биздин өлкөлөрүбүз мындан ары карай да ортодогу достук байланыштарды жана өз ара пайдалуу көп пландуу кызматташтыкты бекемдеп жана өнүктүрө берет деп ишенем”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммада.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакыт жана Кыргызстандын социалдык бакубаттуулугун жана мындан ары гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бир тууган элине – тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык каалады.

2019-жыл 21-март