Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Кылымдардан бери биздин региондун элдери зор шыктануу жана кубаныч менен белгилеп келе жаткан Нооруз майрамы элдерибиздин миңдеген жылдардан бери жашап келаткан каада-салттары жана баалуулуктары, асыл ой-максаттары жана умтулуулары канчалык улуу жана түбөлүктүү экенин көрсөтүп турат.

Биздин биргелешкен аракеттер жана саясий эркибиз менен кийинки мезгилде эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги өз ара диалог системалуу мүнөзгө ээ болуп, эки тараптуу мамилелерибиз стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрүлдү”,- деп белгиленет Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековго узун өмүр, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине – тынчтык, бакубатчылык жана андан аркы гүлдөп өсүүнү каалады.

2019-жыл 21-март