Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты.

Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү  өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду.

Мамлекет башчысы  өз сөзүндө «Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!», — деп баса белгиледи.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу айылындагы 2002-жылдын 17 мартындагы Аксы окуясында курман болгондордун элесине арналып курулган  музейдин алдына карагай отургузду.

Мамлекет башчысы аталган айылдын «17-март» атындагы спорт залынын ачылыш аземине катышты

Аксы окуяларына арналган иш чаралар Президенттин жана жергиликтүү калктын катышуусунда Куран окутуу менен аяктады.

2019-жыл 17-март