Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди жана Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктады.
Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Өзбекстанда мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн иш-чаралар өзгөчө белгиленди.
Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келе жаткан жылдагы болочок иш-чараларды талкуулашты.

2018-жыл 28-декабрь