Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков:  Бизнес-омбудсмен институту киргизилет жана  Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет. Ал эми  Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 17-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгында  билдирди.

«Биз көзөмөлдөөчү жана  укук коргоо органдарындагы  кемчиликтер менен  күрөш жүргүзөбүз. Ошондуктан ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет.Өнөр жай саясатыбызды өзүбүз аныктоочу мезгил келди. Ушул максат менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт», -деп маалымдады  Президент Сооронбай Жээнбеков.

Комитет коомдук башталышта иштейт. Анын статусун жогорулатуу  үчүн Мамлекет башчысы ага алдыңкы бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн  киргизүү зарылдыгын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларын Комитеттин  ишине катышууга чакырды.

2018-жыл 17-сентябрь