Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Сизге жана Сиздин өлкөнүн достук мамиледеги элине кубанычтуу окуя — жаркын Ид ал-Адха майрамына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду жолдойм. Сизге ден-соолук жана бакыт-таалай, ал эми Сиздин өлкөнүн элине — тынчтык жана бейпилдик, прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалайм.
Бардык мусулмандар үчүн жагымдуу жана кубанычтуу күндөрү биздин достук жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерибиз мындан ары дагы өнүгө берет деп ишенем», — деп белгиленет Тажикстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 21-август