Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисининин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин (жумушчу тобунун жетекчиси) жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын жана Стратегиянын максаттарына жетүү боюнча иш-чаралардын Планынын долбоорлору менен таанышып чыгышты. Долбоорлор жумушчу тобунун мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.
Жогоруда айтылган Стратегиянын жана Пландын долбоорлору 2018-жылдын 26-июнуна болжолдонгон Коомдук диалогдун алкагында коомчулуктун талкуусуна сунуш кылынат. Коомдук диалогдун программасы да Жумушчу топ тарабынан талкууланды жана жактырылды.