Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморованы кызматынан бошотту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Г.Ч.Оморова  жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Ч. Оморовага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин негизинде  Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Оморова Гулчехра Чыракбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2018-жыл 3-апрель