Президент Сооронбай Жээнбеков Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаевди кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  кол койгон Жарлыкка ылайык, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги   ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев кызматынан бошотулду.