Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндөгү” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз  Республикасын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз  Республикасын  туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндөгү” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылынат:

1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы ”Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын
17-ноябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө” Жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын
20-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын
14-мартындагы № 50 “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын
13-ноябрындагы № 255 “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгы.

3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча

Улуттук кеңештин

КУРАМЫ

 

Жээнбеков Сооронбай

Шарипович

Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;

Джумабеков  Дастанбек

Артисбекович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча);

Исаков Сапар

Джумакадырович 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Токбаева Айнаш

Абдымановна

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Өмүркулов Иса

Шейшенкулович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Баатырбеков Алмазбек

Баатырбекович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Казакбаев Руслан

Айтбаевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Төрөбаев Бакыт

Эргешевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Сулайманов Алтынбек

Турдубаевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир бол” фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Абылгазиев  Мухаммедкалый

Дүйшекеевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;

Сагынбаев Дамир

Казакович

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;

Джолдубаева Индира

Ырысбаевна

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

Шайлдабекова Нуржан

Кармабековна

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

Абдыгулов Толкунбек

Сагынбекович

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Марипов Улукбек

Асамидинович

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

Новиков Артем

Эдуардович

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Касымалиев Адылбек

Алешович

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Ахметова Нурсулу

Меирбековна

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы;

Дикамбаев Азамат

Шамильевич

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык  изилдөөлөр институтунун  директору;

Борцова Светлана

Валерьевна

“ЭкоПартнер” консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Усупбекова Айнура

Максатбековна

“Жарандык Платформа” коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча);

Юлдашева Азиза

Узгеновна

“Жер Азыгы” Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Койчуманов Таалайбек

Джумашевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы (макулдашуу боюнча);

Кыдырбаев Улук

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (макулдашуу боюнча).

 

2018-жыл 24-март