Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы  «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз  Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2013-жылдын 14-майындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Өз ишмердигинин алкагында  жумушчу топ  Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы үчүн  маанилүү бир катар укук ченемдик актыларды (анын ичинде шайлоолордо инновациялык технологияларды колдонууну камтыган) иштеп чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган.

Жарлыктын жоболору менен жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөр киргизилген. Андан тышкары жумушчу топтун алдына  жаңы милдеттер коюлган.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Сооронбай Жээнбековдун “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы

 

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2013-жылдын 14-майындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин2013-жылдын 22-майындагы № 109 «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – жумушчу топ) түзүлгөн.

2013-2017-жылдар мезгилинде аталган жумушчу топтун ишинин натыйжасында:

– Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен бирдикте инновациялык технологияларды (анын ичинде биометрикалык маалыматтардын негизинде) колдонуу менен Шайлоо процессинин модели иштелип чыгып, кийин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги чечими менен бекитилген;

– Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш бекиткен инновациялык технологияларды (анын ичинде биометрикалык маалыматтардын негизинде) колдонуу менен  Шайлоо процессинин моделинин негизинде Кыргыз Республикасынын бардык деңгээлдеги шайлоолору жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө мыйзамдары иштелип чыгып, кийин алар 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо, 2016-жылдын
11-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө), 2017-жылдын
15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо ийгиликтүү апробацияланган. 2015-2017-жылдардагы шайлоолордун жана референдумдун натыйжаларына ишенимдин кыйла жогору деңгээли жумушчу топтун катышуусунда иштелип чыккан шайлоо мыйзамдарынын новеллаларын ийгиликтүү апробациялоонун индикатору болуп калды.

Ошону менен бирге шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү процесси улантылышы керек. Тактап айтканда, жумушчу топтун шайлоочуларды сатып алууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүнүн кепилдигин камсыз кылууга багытталган демилгелери жүзөгө ашырылышы керек.

Жарандын шайлануучу кызмат орундарына өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү укугун (пассивдүү шайлоо укугун) камсыз кылуу, үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин өркүндөтүү, жарандардын шайлоо жана шайлоого катышуучу талапкерлер жөнүндө маалыматты алуусу, жеке маалыматтарды коргоо жана маалыматтык коопсуздук, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын өлкөнүн башка мыйзамдары менен шайкеш келтирүү маселелери да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин бардык бутактарынын көңүл буруусун  талап кылат.

Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүүнүн зарылдыгын көңүлгө алып, ошондой эле жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн кызматтык абалы өзгөргөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин2013-жылдын
22-майындагы № 109 «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр киргизилсин:

– аталышындагы жана 1-пунктундагы «шайлоо системасын» деген сөздөр «шайлоо мыйзамдарын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган Жарлыктын тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Жумушчу топ 2018-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке киргизсин:

– Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын долбоорун;

– иштелип чыккан Стратегиянын долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана башка мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө алам.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын

өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун

КУРАМЫ

 

Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, жумушчу топтун жетекчиси;

Шайлдабекова Нуржан

Кармабековна

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Керезбеков Канат

Керезбекович

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, «КСДП» фракциясы;

Кыдыралиев Умбеталы

Токторалиевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Республика – Ата-Журт» фракциясы;

Алимбеков Нурбек

Каарыевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Кыргызстан» фракциясы;

Жунус уулу Алтынбек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы;

Акматов Алмасбек

Жумабекович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,  «Бир Бол» фракциясы;

 

Никитенко Наталья

Владимировна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Ата-Мекен» фракциясы;

 

Касымбеков  Нурбек

Айтыевич

Кыргыз Республикасынын ПрезидентининКыргыз Республикасынын Жогорку сотунун   Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү;

Исмаилов Анарбек

Касымович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Абдыкадырова Женишгул

Дуйшенакуновна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экспертизалоо жана укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Калиева  Гульбара

Утюровна

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

Бекматов  Абдыжапар

Гапырович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;

Осмоналиев Кайрат

Медербекович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Джурабаева Гульнар

Курашбековна

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

Ахметов Уран

Тулондиевич

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Шаикова

Алина Кавылбековна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Бакетаев Алмаз

Кушбекович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору;

Кененбаев Алмаз

Муканович

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;

АйылчиевАлмаз

Асимович

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн  эксперти;

 

Маматов Кайрат

Адамкалиевич

Бишкек аймактык шайлоо  комиссиясынын төрагасы;

Мурсабеков Исламбек

Муратбекович

 

«Эмгек» саясий партиясы;

Куренкеев Турсунбек Джусупбекович

«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы;

 

Суранова Перизаткан

Юлдашалиевна

 

«Замандаш» саясий партиясы;

Самаков Бактыбек Таалайбекович

 

«Эгль» КФ;

Мамытова Канышай Болотбековна

 

«Жарандык умтулуу» КФ;

Усупбекова Айнура

Максатбековна

«Жарандык платформа» КФ;

Осмоналиев Тагир

Бахтыбекович

 

«Таза Шайлоо Ассоциациясы» ЮЖК;

Кочорбаева Зульфия

Ирисовна

Социалдык технологиялар агенттиги;

Бит-Аврагим Артур

Яковлевич

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору;

Пирманов Бегалы

Рахманкулович

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын контролдоо-методикалык башкармалыгынын окуу-методикалык иштерди уюштуруу жана колдонуудагы мыйзамдарга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн  начальниги.

 

2018-жыл 23-март