Жылдыз Сманбаева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Сманбаева Жылдыз Аскарбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү