Анарбек Исмаилов Президенттик Аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  кол койгон  Жарлыкка ылайык, Исмаилов Анарбек Касымович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.