Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына учуп барды.
Астана шаарынын эл аралык аэропортунда Сооронбай Жээнбековду Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри Аскар Жумагалиев тосуп алды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультациялык жолугушуусуна катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак- мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулайт.
Жолугушууга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.