Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу айтып берди

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 14-мартта  “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде басма сөз  кызматкерлери үчүн жыйын өткөрүп,Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдеринин ишке ашырылышынын алкагында  жүргүзүлүп жаткан иштер жана  коррупцияга каршы күрөш боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында  айтып  берди.

Басма сөз кызматкерлерин Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан кызматкерлердин кетишинин себептери, Коопсуздук кеңешинин  чечимдеринин айрым пункттарын ишке ашырууда  укук коргоо, көзөмөл жана сот органдары тарабынан каршылыктар көрсөтүлүп жатабы, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы милицияны полицияга кайра түзүү ишине катышабы деген өңдүү суроолор кызыктырды. ЖМКнын өкүлдөрү өз суроолоруна толук жооп алышты.

Дамир Сагынбаев белгилегендей, 2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлгөндөн бери бир айдан ашты. Жыйында Кыргызстандын укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында коррупцияга каршы күрөштөгү актуалдуу чаралар каралган.

Коопсуздук кеңешинин  чечими 45 иш чараны камтыйт, алар учурда ишке ашырылып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү  сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жана алдын алууга багытталган.

45 иш чара боюнча аткаруунун түрдүү мөөнөттөрү белгиленген. Тактап айтканда, УКМК жана ЭККМК акыркы бир нече жылдан бери токтотулган кылмыш иштеринин  тизмесин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 1-мартка чейин  берип, анын көчүрмөсүн Коопсуздук кеңешине жөнөтүү тапшырмасы берилген.

 “Тизме  катчылыкка келип түштү, андан соң кылмыш иштеринин тизмеси тууралуу  маалымат 12-мартта Президентке  жөнөтүлдү”,- деп ал,   мындан кийин 2018-жылдын 1-июнунда Башкы прокуратурага жана Коопсуздук кеңешинин   катчылыгына аталган укук коргоо органдарынын жетекчилери  бул кылмыш иштери боюнча кандай иликтөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кошумча маалымат берүүгө милдеттендирилгендигин кошумчалады.

 “Андан кийин Президент  Коопсуздук кеңешинин чечимдери канчалык натыйжалуу ишке ашырылып жаткандыгына, ошондой эле  укук коргоо органдары  экономикалык, кызматтык, коррупциялык кылмыштарды, мамлекеттик мүлктү уурдоого байланыштуу кылмыштарды иликтөөнүн жана аныктоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кандай иштерди жүргүзүп жаткандыгына баа берет”, -деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Андан соң Дамир Сагынбаев  Коопсуздук кеңешинин чечиминде каралган пункттар боюнча  тиешелүү мыйзам долбоорлорун даярдоо  боюнча иштер башталгандыгын белгиледи.

Ал Коопсуздук кеңешинин чечиминде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлери тарабынан оор жана абдан оор  кылмыштарга тиешелүү болгон кызматтык же коррупциялык кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууну караган, кылмыш жазасын камтыган мыйзамдарды иштеп чыгуу каралгандыгын эске салды. Ошону менен бирге  кылмыш жоопкерчилигине тартылган мамлекеттик кызматкерлерге карата  сөзсүз түрдө камакка  алуу чарасы пайдаланышы каралган.

Сот айыптоо өкүмүн чыгарса, ал укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын тутумундагы кызматында иштеп турган мезгилде соттолуучу тапкан мүлкүн конфискациялоону камтууга тийиш.

 “Өкмөт мыйзам чыгаруу ишмердиги менен алектенген тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма бергендигин өзүнчө айтып кетүү зарыл. Тактап айтканда  кабыл алынган мыйзамдарга ылайык мүлкүн милдеттүү түрдө декларациялоону камтыган укук ченемдик актылардын долбоору даярдала баштады. Укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларын накталай эмес эсептешүүгө өткөрүү зарылдыгы каралган”,- деп белгиледи Дамир Сагынбаев. – Аны үчүн Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары боюнча долбоорду ишке ашырчу конкреттүү банк түзүмдөрүн аныктоого тийиш.

Д.Сагынбаевдин айтымында мыйзамдарды күчтөндүрүп, укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлери, алардын  үй-бүлө мүчөлөрү 100 миң сомдон ашкан мүлктү накталай эсептешип сатып алууга тыюу салуу зарыл. “Эгерде  алар наркы 20 миң сомдон кымбат керек-жарак буюмдарын сатып алса, тиешелүү справканы толтуруп, кызматкерлердин  жеке баракчаларына  тиркелиш үчүн кадрлар кызматына тапшырууга милдеттендирилиш керек”, -деди ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы сөзүн жыйынтыктап жатып алгачкы жыйынтыктар 2018-жылдын июнь-июль айларында чыгарылаарын белгиледи.

2018-жыл 14-март