Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протокол ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 25-январында  бекитилген.

Протокол Тараптардын маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү боюнча кызматташуу тартибин жана алардын маалыматтык мейкиндигин деструктивдүү таасирлерден жана Тараптардын улуттук мыйзамдарында тыюу салынган максаттарда Интернет тармагындагы улуттук сегменттерди пайдаланууга каршы аракеттерден коргоо кызыкчылыгындагы кызматташтыгына багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2018-жыл 12-март