Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге Баку шаарындагы өрткө байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын  Президенти  Ильхам Алиевге Баку шаарындагы  республикалык наркологиялык диспансердеги өрттөн улам көптөгөн адамдар каза тапкандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтуубузду, бул трагедиянын кесепетинен жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу телеграмасында.

2018-жыл 3-март