Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Нурбек Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  кол койгон Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Абасканов Нурбек Эсенканович ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Исаковдун сунушунун негизинде кабыл алынды.

2018-жыл 3-март