Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.
«Кыргыз Республикасы достук салттарына, маданий жана руханий жалпылыкка негизденген кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө зор маани берет. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бир тууган түрк элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп белгилейт Кыргызстан Президенти өзүнүн куттуктоо телеграммасында.