Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине негизденип жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын кызматында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Асанбаев Болот Султанович курактык чегине жеткендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 7-февралынан тартып токтотулду.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2018-жыл 20-февраль