Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Кабул шаарындагы терактта көп адамдар каза болгондугуна байланыштуу Афганистандын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кабул шаарынын борборундагы аскер базасындагы террористтик акттын кесепетинен көп адамдар каза болгондугуна байланыштуу Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты

«Кыргыз Республикасы  тынч жана күнөөсүз адамдарга багытталган бул адамгерчиликсиз актты чечкиндүүлүк менен айыптайт”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында

Президент Сооронбай Жээнбеков каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып,  бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин кааларын билдирди.

2018-жыл 29-январь