Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Кубанын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасы Рауль Модесто Кастро Русту Республиканын боштондук күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков Куба Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасы Рауль Модесто Кастро Русту өлкөнүн Боштондук күнү менен куттуктады.

“Сизди жана Сиз аркылуу жалпы Куба элин улуттук майрамы – Куба Республикасынын боштондукка чыккан күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Өлкөлөрүбүз ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-кубалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыктарлыгымды билдирем. Жагдайдан пайдаланып, Сизди Жаңы 2018-жыл менен куттуктап, Сизге бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Куба элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”,-деп белгиленет куттуктоодо.

2018-жыл 2-январь