Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катын ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргызской Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортусундагы “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” № IDA V106-KG долбоорун даярдоого аванс берүү жөнүндө макулдашуу катын  ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

«Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун максаты  - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу жаатындагы  потенциалын жогорулатууда колдоо көрсөтүү.

Макулдашуу-катта  жалпы суммасы  үч миллион алты жүз миң (3 600 000) АКШ долларды аванс катары берүү каралган.

Долбоорду деталдуу иштеп чыгууну даярдоого алынуучу аванс төмөнкүлөргө багытталат:

- “Табигый кырсыктарга даярдык жана чара көрүү системасын өркүндөтүү”  1-компонент боюнча куткаруу бөлүмдөрү жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу;

- "Коопсуз мектеп"  2-компоненти боюнча долбоордун алкагында каржылоо үчүн тандалган мектептердин долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгуу;

- “Өзгөчө кырдаалдардан финансылык коргоону жана камсыздандырууну өнүктүрүү” 3-компонент боюнча компанияга фундаменталдык камсыздандыруу операцияларын борбордоштурууга жана толугу менен автоматташтырууга мүмкүндүк берген маалыматты башкаруунун камсыздандыруу тутумун долбоорлоо жана иштеп чыгууга камсыздандыруунун бизнес процессине диагностикалык талдоо;

- Банктын директорлор кеңешине долбоорду берүү үчүн  экологиялык жана социалдык баалоо өткөрүү, социалдык-экономикалык талдоо жүргүзүү боюнча документтерди даярдоо, сатып алуулар боюнча стратегиясын, сатып алуулардын планын жана долбоордун операциялык нускамасын иштеп чыгуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2017-жыл 30-декабрь