Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
«Келе жаткан 2018-жыл менен менин чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге ден-соолук, соолбос күч-кайрат жана ишиңизде мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл Сиз үчүн жана бир тууган Кыргызстан эли үчүн тынчтыктын жана бакубатчылыктын жылы болсун”,- деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.