Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.
«Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Жаңы 2018-жыл менен куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгилик, ал эми Кыргызстан элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо телеграммасында.