Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда Казакстан Республикасында расмий сапар менен жүрөт.
Тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев басма сөз өкүлдөрү үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы, меймандостугу, жакшы пейили үчүн Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Абишевичке ыраазычылык билдирди.
“Биз Нурсултан Абишевич экөөбүз тар курамда жана кеңири форматта бардык негизги багыттар боюнча Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкууладык. Бардык маселелерди терең карап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде ынак достук маанайында чечүү тууралуу макулдаштык. Быйылкы жыл боордош эки өлкө үчүн абдан жакшы жыл – 2017-жылдын 15-октябрында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 25 жыл толду. Тарыхый жактан алганда бул кыска мезгил болгону менен, боордош эки эл нечен кылымдар бою жакшы мамиле түзүп келген. Боордоштук, достук жана жакшы коңшулаштык - азыркы кыргыз-казак мамилелеринин бекем негизи”, -деп баса белгиледи Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков биз тең укуктуулуктун, өз ара пайданын жана ички иштерге кийлигишпөөнүн принциптеринин негизинде эки өлкөнүн ортосундагы достукту, жакшы коңшулаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү жигердүүлүк менен чыңдайбыз деп баса белгиледи.

“Мен Нурсултан Абишевичти Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырдым. Ошол сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнү болжолдоп жатабыз. Бүгүн биз тарыхый документтерге – кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашууга кол койдук. Биз эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздедик. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара ишенимге, жакшы коңшулаштыкка жана өз ара пайдалуу кызматташууга кеңири жол ачкан чек ара болот деп терең ишенем. Ошол эле учурда чек ара мурдагыдай эле формалдуу болуп, эки эл андан эч тоскоолдуксуз өтүшүнө умтулушубуз керек. Себеби - биз боордош элбиз. Кыргыз менен казактай жакын, бир тууган эл жок”,- деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Мен Нурсултан Абишевичти 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине чакырдым, деп кошумчалады ал. Борбордук Азиянын бермети болгон Ысык-Көл жээгинде 2018-жылдын сентябрында өтө турган оюндарга Казакстандык спортсмендерин да активдүү катышууга чакырды.
“Келерки жылы биз кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилейбиз. Казакстан да четте калбай, бул мааракенин иш-чараларына активдүү катышат деп ишенем. Анткени казакстандыктар дагы залкар жазуучубузду сүйүп окушат”, -деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстан көп кылымдык тарыхы бар, маданияты жана тили окшош бир тууган, союздаш мамлекет экендигин белгиледи. “Биз чече албай турган бир дагы маселе жок. Сүйлөшүүлөрүбүздө эки тараптуу экономикалык мамилелерге өзгөчө көңүл бөлүндү. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Минскиде акыркы ирет жолугушкандан бери аз эле убакыт өттү, бирок фитосанитардык, ветеринардык, транспорттук, салык, бажы көзөмөлүнүн алкагында өз ара аракеттенишүү боюнча көп иш жасалды. Бардык маселелер жөнгө салынып, чек арада топтошкон транспорт жок. Бүгүн биздин тар курамда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө документтин ар бир пунктун сапаттуу ишке ашыруу боюнча тапшырма бердим. Өлкөлөрүбүз ортосунда товар жүгүртүү 19 пайызга өстү, биз ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып, 2020-жылга чейин 1 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүүгө тийишпиз”, -деп баса белгиледи Президент Нурсултан Назарбаев.

Мындан тышкары ал инвестициялык, суу-энергетикалык, аймактык, маданий-гуманитардык маселелердин келечеги, ошондой эле коопсуздук жана санариптик технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери тууралуу белгилеп өттү. “Келечекте тоскоолдук боло турган ортодо айтылбай калган же жашыруун эч нерсе калган жок. Сооронбай Шариповичтин алгачкы сапарынын жыйынтыгына толугу менен канааттануумду билдирем. Сизге кыргыз элинин ишенимин, гүлдөп өнүгүү ишинде зор ийгиликтерди каалайм. Бир тууган Кыргызстан менен мамилелерге биз өзгөчө маани беребиз. Биздин ортобузда түбөлүк достук жөнүндө келишимибиз бар”,- деп баса белгиледи Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев.

2017-жыл 25-декабрь