Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Казакстан Республикасына  жасаган расмий  сапарынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 25-декабрда биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Президент Нурсултан Назарбаев Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту, ошондой эле  Кыргыз Республикасы  менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө Келишимге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Казакстан Республикасына  жасаган расмий  сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө Макулдашууга дагы кол коюлду.

2017-жыл 25-декабрь