Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий жолугушуу аземи болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун   бүгүн, 25-декабрда Казакстан Республикасына  жасаган расмий  сапарынын алкагында  “Акорда” ак сарайында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен расмий жолугушуу аземи  болду.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинген, ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки мамлекеттин гимндери жаңырды.

Эки президенттин расмий жолугушуусунан, Ардактуу кароолдун учурашуусунан, эки өлкөнүн делегацияларын тааныштыргандан кийин Мамлекет башчылары тар курамда  сүйлөшүү залына  бет алышты.

2017-жыл 25-декабрь