Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкек шаардык сотуна судьяларды дайындоо жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого 8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

2017-жылдын 16-декабрында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна 5 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы жогоруда аталган соттун судьялыгына 3 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына талапкерлерди дайындоо боюнча 2 Жарлыкка кол койду.
Биринчи Жарлык менен 5 талапкер - Бейсекеев Эрмек Толеувич, Воронцова Ирина Николаевна, Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович, Мамбеталы Жаныл, Толубаева Бермет Мамыровна Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.
Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

2017-жыл 25-декабрь