Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков   бүгүн, 25-декабрда казак  тараптын чакыруусу боюнча  расмий  сапар менен Казакстан Республикасына  учуп кетти.

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар  курамда жолугушуусу пландаштырылган.

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында  кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы  менен  бир катар документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары  биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Расмий сапардын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу  дагы болжолдонгон.

2017-жыл 25-декабрь