Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппарат Жетекчиси Фарид Ниязов Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевди гимндин кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Фарид Ниязов Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча өлкөнүн гимни кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев менен жолугушту.

Фарид Ниязов  Президенттин атынан Шабданбек Кулуевди бул маараке  менен куттуктап, анын мамлекеттин тарыхына кошкон салымын белгиледи.

“Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бирин өлкөнүн гимни кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо мен үчүн чоң сыймык. Биз гимнибиз менен сыймыктанабыз,  урматтайбыз жана жакшы көрөбүз, ал ар бир кыргызстандыктын сезимин козгойт. Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”, -деди Аппарат Жетекчиси.

Гимндин автору Шабданбек Кулуев  көңүл буруп, куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Коомдук ишмер Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү, тынчтык жана туруктуулук, өлкөнүн жарандарына бакыт-таалай жана жакшылыктарды каалады. “ Кыргызстанда эл аралык аренада жеңишке жетишип, бизди кубандырган таланттуу адамдар көп болсун, биздин желек тез-тез көтөрүлүп,  сүйүктүү гимнибиз жаңырып турсун”, -деди Шабданбек Кулуев.

2017-жыл 18-декабрь