Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Мыйзамдын диктатурасы гана бизди чыныгы эркиндикке жеткирет. Жоопкерчиликсиз эркиндик болбойт”

Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай ЖээнбековАдам укуктарын коргоонун эл аралык  күнүнө карата кайрылуу кабыл алды.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Эркиндикти туу тутуп, адилеттүүлүктү ар дайым кастарлаган Кыргызстан эли үчүн Адам укуктарын коргоонун эл аралык  күнү абдан маанилүү.

Азыркы заманда мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө адам укуктарын коргоо маанилүү милдет өтөйт. Ошондуктан  Жалпы декларациянын бардык негизги ченемдери  мамлекетибиздин негизги  мыйзамында – Кыргыз Республикасынын Конституциясында камтылган.

2016-жылы жалпы элдик референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясына  киргизилген түзөтүүлөр Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуя  болуп,  мамлекеттин түзүлүшүн жана  функцияларын,  коомдун  өнүгүшүн түп тамырынан бери өзгөрттү.  Негизги мыйзамга  киргизилген олуттуу өзгөртүүлөрдүн бири   – адамдын өмүрү жана ден-соолугу  менен бирге, анын  укуктарын жана эркиндигин мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары тааныгандыгы.   Анткени укуктар жана эркиндик  - мамлекет өз жарандарына бере алган эң баалуу нерсе.

Жыл өткөн сайын  Кыргызстан жарандары укуктарын  жакшы билип, мыйзамдарга ылайык өз укуктарын  коргоого умтулуп жаткандыгы жакшы көрүнүш.  Эң негизгиси –  мыйзамды урматтап, ага ылайык жашаганга үйрөнүү. Мыйзамдын диктатурасы гана  бизди чыныгы эркиндикке жеткирет. Жоопкерчиликсиз   эркиндик болбойт.

 Бүгүнкү күндө  коомду мындан ары ырааттуу өнүктүрүүнүн негизи катары адам укуктарын жана эркиндигин сактоонун кызыкчылыгында башыбызды бириктирип,  жалпы күч аракетибизди бир максатка  багыттоого  умтулуу абдан маанилүү.

Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү  олуттуу жарандык демилгелерди, мыйзамдарды урматтоого жана сактоого, калктын укуктук маданиятын жогорулатууга, чыныгы жарандыктын көрүнүштөрүн, толеранттуулукту,  турмуштук  туура эрежелерди колдоого көмөктөшөт деп ишенем.

Баардыгыңыздарга тынчтык, жакшылыктарды жана бакубатчылык каалайм.”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2017-жыл 9-декабрь