Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Россияга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, россиялык тараптын чакыруусу менен Россия Федерациясына  алгачкы чет элдик сапарына учуп кетти.

 Мамлекет башчысы  Россия  Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар кыргыз-россиялык  эки тараптуу  кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле  Евразиялык мейкиндикте интеграциялык бирикменин алкагында  өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулайт.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков  Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен дагы жолугушат.

2017-жыл 29-ноябрь