Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” китеби 5000 нускада басып чыгарылды

Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө чакырган, ата-бабаларыбыздан калган негизги руханий азык “Манас” эпосун андан ары жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жеке колдоосу менен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” китеби 5000 нускада басып чыгарылды.

Байыркы элибиз Айкөл Манастын Улуу Рухун урпактардан урпактарга табериктей сактап келатат. Эпосто кыргыздардын кылымдык тарыхы, салттары менен үрп-адаттары, мамлекеттүүлүктү жана биримдикти бекемдөө идеялары чагылдырылган.

“Манас” китеби Кыргыз Республикасынын бардык орто мектептерине, жогорку окуу жайларга, китепканаларына, ошондой эле башка мекеме-уюмдарга бекер таркатылмакчы.

2017-жыл 23-ноябрь