Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, ырчы, композитор, “Ялла” вокалдык- инструменталдык ансамблинин көркөм жетекчиси Фаррух Каримович Закиров Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл эмгеги үчүн «Достук» ордени менен сыйланды.